Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 06:15
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Сокулуктагы "Эдельвейс" балдар эс алуу лагери мамлекетке кайтарылды

26.09.2024 10:21
376
Сокулуктагы "Эдельвейс" балдар эс алуу лагери мамлекетке кайтарылды


Сокулук районундагы "Эдельвейс" балдар эс алуу лагери мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан текшерүү иш-чараларынын натыйжасында Сокулук районунун Төш-Булак айылында жайгашкан, жалпы аянты 5,20 га жана аянты 493,8 чарчы метр ар кандай курулуштары бар "Эдельвейс" балдар ден соолукту чыңдоо лагери мамлекеттин балансына кайтарылды.

Маалым болгондой, 2004-жылы аталган лагерди жеке жактар менчиктештирип, бир нече жолу ар кандай адамдарга кайра сатканы аныкталган.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында ден соолукту чыңдоочу балдар лагери ыктыярдуу түрдө мамлекеттин балансына өткөрүлүп берилди, мында объекттин баалоо наркы 320 млн 651 миң сомду түздү.

УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген объекттерди аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча иштерди улантууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн