Россиянын Соль-Илецк шаарынан келген 11 айлык баладан
коронавирус илдети табылды. Бул тууралуу 12-майдагы брифингде саламаттыкты
сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
“Россиянын Соль-Илецк шаарынан келген келинден жана анын 4 жаштагы баласынан COVID-19 аныкталбай, 11 айлык баладан коронавирус илдети чыкты. Алардын буга чейин чогу жашаганын эске алып Республикалык инфекциялык клиникалык ооруканада баардык шарттары бар өзүнчө бокуска жайгаштырылган”, - деди Үсөнбаев.
Эске салсак, буга чейин Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарынан келген жарандардын 55инен коронавирус илдети табылганы айтылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн