Бугу 20, 2024
Убакыт: 22:04
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Соль-Илецктен келгендер обсервацияда чуу чыгарып, бошотууну талап кылууда

18.05.2020 10:56
961
Соль-Илецктен келгендер обсервацияда чуу чыгарып, бошотууну талап кылууда


Мурдагы америкалык “Ганси” авиабазасына жайгаштырылган обсервацияда Россиянын Соль-Илецк шаарынан келген кыргызстандык жарандар чуу көтөрүүнү улантууда. Бул тууралуу аталган обсервациялык зонада жаткан айдоочу Александр Бурховецкийдин жубайы Мария 24.kg агенттигине билдирген.


Анын айтымында, өткөн күнү эле алты адам өздөрүн жакшы сезип жатышканын, дарылоонун кажети жок экенин айтып, бул жактан бошотууну талап кылган. Алардан коронавирус аныкталгандыгына ишенген эмес. Соль-Илецктен келген жарандардын бардыгынан экинчи ирет анализ алынган.


“Алар чуу чыгарып, ооруканага баруудан баш тартып, үйлөрүнө жөө кетип калабыз, деп каршылык көрсөтүшкөн. Бейтаптарга жардам берип жаткан медицина кызматкерлери милицияны чакырууга мажбур болушкан. Жыйынтыгында алар ооруканага жаткырылды, учурда абал турукташты”, - деп белгилеген Мария Бурховецкая.


Саламаттыкты сактоо министрлигинен тастыктагандай, чындыгында ушул обсервацияда дарыгерлерге каршылык көрсөткөн чыр-чатактар дайыма болуп турат. Бирок тийиштүү чаралар убагында кабыл алынып, элди тынчтандыруу аракеттери көрүлөт. Анализинен COVID-19 илдети аныкталган бардык бейтаптар ооруканага жеткирилет. Калгандары күчөтүлгөн режимде кармалат.  


Эске салсак, 7-майда Соль-Илец шаарынан Кыргызстанга 541 мигрант кайтып келген. Башында алардын ичинен 55 жарандан вирус табылып, кийин 3 жарандан аныкталган. Өткөн ишемби күнү ушул эле шаардан келген эне баласы менен ооруканага жаткырылган. Бүгүн, 18-майга карата бул аймактан келген дагы 43 жарандан табылды.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн