Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 18:33
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Сомдун куну "Кумтөрдөн" түздөн-түз көз карандыбы? Абдыгуловдун жообу

19.05.2021 12:52
1195
Сомдун куну "Кумтөрдөн" түздөн-түз көз карандыбы? Абдыгуловдун жообу

Депутат Мейкинбек Абдалиев кыргыз сому түздөн-түз Кумтөрдөн көз каранды деп мурунку президент Аскар Акаев айтыптыр, ошол чынбы, деп бүгүн, 19-майда, Жогорку Кеңештин жыйынында сурады.


Улуттук банктын башчысы Толкунбек Абдыгулов андай эмес экенин билдирди. Анын айтымында, улуттук валюта эркин сүзүү режиминде, ошондуктан бир нерсеге, өзгөчө Кумтөр компаниясына байланыштуу болуусу мүмкүн эмес, деп жооп кайтарды.


"Демек, экс-президент калп айткан болуп калабы? Алдыда боло турган Кумтөр боюнча соттук тескөөлөр сомдун туруктуулугуна таасир этпейт, деп кепилдик бере аласызбы?" - деп депутат сурады.


"Сомдун кунуна түздөн-түз таасир этпейт, бирок кыйыр түрдө таасир этиши мүмкүн - чет элдик инвестициялардын агымы, акчалай которуулар, ички капиталдын агымы, экономиканын абалы. Андан тышкары, АКШнин жүргүзгөн акча саясатына байланыштуу сырткы факторлор да бар. Бирок биз бул кесепеттерге даярбыз", - деди ал

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Канат
Акаев Өмүр бойу жарыбаган Каль . Тээ илгери да Бир нерсе болсо эле ушул сомду Жана башка Нерселерди шылтоо кылып Кумтөр дү Элге жолотпой коргоп келген.