Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 04:29
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Сооронбай Жээнбековдун Оштогу иш сапарынан фоторепортаж

10.06.2020 20:59
975
Сооронбай Жээнбековдун Оштогу иш сапарынан фоторепортаж


Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-июнда Ош облусуна эки күндүк иш сапары менен барды.

Иш сапарынын биринчи күнүндө мамлекет башчысы кайгылуу Июнь окуясынын 10 жылдыгына карата каза болгондорду эскерди.

Сооронбай Жээнбеков Ош шаарындагы «Энелердин көз жашы» мемориалдык комплексине гүл койду. Июнь окуясында каза болгондорго багышталып куран окулду.

Мамлекет башчысы келечекте 5 миңдей адамды иш менен камсыздай турган жана электробустарды чыгара турган  «Кыргыз Унаа Курулуш» автокуруу заводуна барды.

Мындан сырткары, Сооронбай Жээнбеков Ош шаарынын Жапалак айыл аймагынын 20 миңден ашуун тургуну же 10 калктуу конуш таза сууга жеткиликтүү боло турган таза суу менен камсыз кылуу долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты.

Мамлекет башчысы Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын жээктерин көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана бекемдөө боюнча долбоор менен таанышты.

Долбоордун жалпы сметалык наркы 325 млн сомду түзөт. Каржылоо республикалык жана жергиликтүү бюджеттен каралаары болжолдонууда. Жалпы аянты 5,5 км² жерге тиешелүү иштер жүргүзүлөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков иш сапарынын биринчи күнүнүн жыйынтыгында Июнь окуясында каза болгондордун туугандары жана «Бирдиктүү эл», «Ош окуясында дайынсыз балдардын энелери», «Шейиттер биримдиги», «Ош окуясынын дайынсыздары», «Түштүк коогалаңынын шейиттеринин Өчпөс от», ошондой эле «Интербилим» коомдук уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн