Бугу 19, 2024
Убакыт: 04:02
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Сооронбай Жээнбековго Кремль ыраазычылыгын билдирди

25.06.2020 18:30
1214
Сооронбай Жээнбековго Кремль ыраазычылыгын билдирди

 

Кремль Сооронбай Жээнбековго делегация мүчөлөрүнөн коронавирус аныкталгандан кийин, башка конокторго корконуч жаратпайын деп Жеңиш парадына катышпоо чечимин кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песковго шилтеме берип жазып чыкты.


Кечээ, 24-июнда Сооронбай Жээнбековду Москвага парадка коштоп барган адамдардын экөөнөн коронавирус аныкталгандан кийин, президент Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган иш-чараларга катышпоо чечимин кабыл алган.


"Президент Жээнбеков жана делегация мүчөлөрү парадга катышуу үчүн Москва шаарына келип бергенине ыраазыбыз. Тилекке каршы, айрымдарда вирус аныкталып калып, президент парадга катышпоо чечимин кабыл алды. Ал биринчи кезекте салтанатка катышып жаткан ардагерлердин жашоосуна, экинчиден башка өлкө башчыларга коркунуч жараткысы келген жок. Мындай чечими үчүн рахмат айтабыз”, — деген Песков.


Бегилгей кетсек, Сооронбай Жээнбеков өлкөгө кайтары менен тапшырган тесттин жыйынтыгынан вируска чалдыкпаганы аныкталган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн