Бишкектин Биринчи Май райондук соту №61 мектептин мурдагы директору Юрий Низовскийди КРнын Кылмыш-жаза кодексинин «Кызматкер тарабынан мыйзамсыз түрдө сый акы алуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу соттун өкүмүндө айтылат.
Сот аны кылмыштын курамы жок деп эки берене боюнча актап, бирок бир берене боюнча күнөөлүү деп таап, мамлекетке 50 миң сом айып төлөөгө өкүм кылган.
2022-жылдын 9-августунда УКМК Низовскийди коррупция боюнча кармаган, эртеси 10-августта үй камагына чыгарылган.
Ал 2022-жылдын 18-июлунда башка мектептен которулуп, тууганын 3-класска киргизем деп кыргыз тил мугалиминен 400 доллар алган.
Ошол эле күнү ал окуучулардын биринин ата-энеси менен жолугуп, баасын оңдогону үчүн 10 миң сом берген. Бул боюнча айыпталуучу менен ата-эне мурда, тагыраак айтканда 8-июлда макулдашкан. Анда ата-энеси 11-класстын окуучусу 4-чейректе начар баа алып, жогорку окуу жайга тапшырууга тоскоол болушу мүмкүндүгүн айткан. Ага Ниязовский белгилүү бир акыга баарын оңдоону сунуштаганы айтылат.
8-августта ал борбор калаанын тургуну менен жолугуп, балдарын №25 мектептен №61 мектепке которууну суранган. Ниязовский макул болуп, 12 миң сом алган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн