Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 13:11
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Сот Арча-Бешикте ымыркайын тосмонун түбүнө таштап кеткен энеге карата чечим чыгарды

02.03.2024 10:53
172
Сот Арча-Бешикте ымыркайын тосмонун түбүнө таштап кеткен энеге карата чечим чыгарды


Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Арча-Бешик конушундагы үйлөрдүн биринин тосмосунун түбүнө ымыркайын таштап кеткен аялга карата чечим кабыл алды. Бул тууралуу шаардык соттон маалымдашты.


Баласын таштаган аял КР Кылмыш-жаза кодексинин "Эненин ымыркайынын өмүрүнө кол салышы" беренеси менен күнөөлүү деп табылды.


"С. Ж. аттуу аялга коюлган айыптар боюнча сот аны эки жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Бирок ага бир жылдык пробациялык көзөмөл колдонуу кабыл алынды", — дешти соттун.


Эске салсак, өткөн жылдын 19-ноябрында түнү Бишкектин Арча-Бешик конушунда дарбазанын түбүнөн полиэтилен пакетке оролуп, коробкага салынган наристе табылган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн