Бугу 04, 2024
Убакыт: 08:38
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Сот “Крокус сити холлдогу” терактыга байланыштуу дагы үч адамды камакка алды

26.03.2024 09:05
521
Сот “Крокус сити холлдогу” терактыга байланыштуу дагы үч адамды камакка алды


Москванын Басман соту “Крокус сити холлдогу” терактыга байланыштуу дагы үч адамды камакка алганын РИА Новости жазды. 


Маалыматка ылайык, Аминчон, Диловар жана Исроил Исмоиловдор 22-майга чейин камакка болушат. Сот жабык эшик артында өткөн. Айыпталып жаткандар бир туугандар менен атасы экени кошумчаланды.


“Диловар Исломов Душанбеде туулуп өскөн, Россиянын жараны. 1999-жылы туулган, таксист болуп иштейт. Тергөө комитетинин маалыматы боюнча, буга чейин терактыны жасоого айыпталып кармалгандардын бири Шамсидин Фаридуни Диловар Исломовду кылмыштуу топко 2024-жылдын 11-мартына чейин, ал эми Аминчон Исломовду ушул жылдын январына чейин аралаштырган”, — деп айтылат маалыматта.


Мындан тышкары, Диловар кылмышкерлер качууга аракет кылган Renault үлгүсүндөгү унаасын сатып жибергени маалым болду.


Буга чейин теракт жасоого айыпталган төрт адам камакка алынган эле.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн