Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 17:43
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Сот экс-депутат Өмүрбек Бакировго карата өз өкүмүн чыгарды

26.02.2024 10:24
125
Сот экс-депутат Өмүрбек Бакировго карата өз өкүмүн чыгарды


Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Бакиров шайлоочулардын добушун сатып алууга күнөөлүү деп табылды. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Бакиров өзү билдирген.


Анын айтымында, Ноокат райондук соту аны айыпка жыккан. Бирок суммасын айткан эмес.


“Биз бул чечимге каршы Ош облустук сотуна даттандык”, - деди ал.


Эскерте кетсек, Бакировду мандатынан ажыратуу чечимин Бишкек административдик соту 7-июнда кабыл алган. Кийин аны Бишкек шаардык соту да, Жогорку сот да күчүндө калтырган. 26-август күнү БШК Бакиров депутат болбой калганын расмий жарыялаган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн