Бугу 18, 2024
Убакыт: 19:15
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Сот иликтөөчү журналист Болот Темировду эки иши боюнча актады

28.09.2022 18:11
304
Сот иликтөөчү журналист Болот Темировду эки иши боюнча актады

Бүгүн Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда иликтөөчү журналист Болот Темировго козголгон кылмыш ишин кароо улантылды.


Отурумда журналист акыркы сөзүн сүйлөдү. Андан соң судья «Темиров эки берене боюнча кылмыштын белгилери жок болгондуктан акталсын, бир берене боюнча күнөөлүү деп табылсын, бирок жазасыз калтырылсын» деген чечим чыгарды.


Тагыраагы, Болот Темиров Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүгү (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатын көздөбөстөн мыйзамсыз даярдоо); 378-беренеси (мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) боюнча акталды.


Ал эми Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси (жасалма документ колдонуу) боюнча күнөөлүү деп табылып, бирок мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу жазадан бошотулду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн