Бугу 19, 2024
Убакыт: 21:11
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Сот жактоочу Акин Токталиевдин президентке жазган арызын кароодон баш тартты

14.07.2021 10:04
1559
Сот жактоочу Акин Токталиевдин президентке жазган арызын кароодон баш тартты

Сот Садыр Жапаровдун мурдагы жактоочусу Акин Токталиевдин арызын  кароодон баш тартты. Бул тууралуу 24.кг агенттиги билдирди.


Маалым болгондой, Токталиев Биринчи Май райондук сотуна президент Садыр Жапаров жана анын мурдагы маалымат катчысы Галина Байтеректин үстүнөн абийирине жана намысына шек келтиргендиги үчүн арыз жазган.

Биринчи Май райондук соту Токталиевдин арызында жоопкер тарап тууралуу толук маалымат жок болгондуктан жана алардын кайсы сөзү үчүн абийирине шек келтиргендиги тууралуу жазылбагандыгына байланыштуу арызды кароодон баш тарткан.


Эске салсак, Акин Токталиев президент Садыр Жапаров жана Галина Байтерек анын абийирине шек келтиргендиги үчүн 100 миллион сом доо койгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн