Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев жүрөгү ооруп, тез жардам унаасы менен ооруканага жеткирилген. Мындай маалыматты жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Чолпонбаев 9-июлда түнкү саат 12.00лер чамасында Улуттук кардиология борборуна тез жардам унаасы менен оор абалда жеткирилген. Анда жүрөк дартынан сырткары эки тараптуу пневмония дагы аныкталган.
Ал эми коронавируска алынган анализинин жыйынтыгы чыга элек.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн