Бүгүн, 9-мартта Бишкек шаардык соту активист Мирлан Ураимовдун ишин карап, аны үй камагына чыгаруу боюнча жактоочулардын өтүнүчүн канааттандырган.
Эске салсак, Мирлан Ураимов Улуттук мамлекеттик комитети тарабынан 8-февралда Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык” беренеси менен айыптап кармаган.
Биринчи май райондук соту Ураимовду 10-февралда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына эки айга камаган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн