Бугу 17, 2024
Убакыт: 20:06
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Спикер: Орозо айында араздашкандар жарашып, таарынышкандар табышсын

13.04.2021 14:34
683
Спикер: Орозо айында араздашкандар жарашып, таарынышкандар табышсын


Парламент төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 13-апрелде Жогорку Кеңештин жана жеке өзүнүн атынан кыргызстандыктарды ыйык Орозо айынын башталышы менен куттуктады. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.


Анда мындай деп айтылат:


Адамзатты кечиримдүүлүккө жана сабырдуулукка үндөгөн бул айды жалпы мусулмандар жакшы үмүттөр менен күтүп, отуз күндө бири-бирине жалаң аруу тилектерин арноого аракет кылышат.

Айрыкча Орозо айы тамактанууга гана чектөө киргизбестен, жаман ой, жаман жоруктардан да арылууга көмөкчү болот. Бул айдын башка айлардан башкы артыкчылыгы да ушунда.

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Бир жылда бир келген Орозо айында араздашкандар жарашып, таарынышкандар табышсын. Кемчилик кетиргендер кечиришип, кейиште жүргөндөр кубанычка бөлөнсүн. Дүйнөдө тынчтык өкүм сүрүп, адамзат илдеттен кутулсун! Элибизди ынтымак-ырыскы ыроолосун!

Дагы бир жолу куттуу Орозо айынын башталышы менен куттуктайм! Кармаган орозоңуздар кабыл болсун!

 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн