Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 12:50
USD
87.30
87.80
EUR
99.30
100.30
RUB
1.055
1.090

Стамбулда кыргызстандык кыз дайынсыз болууда

01.07.2023 10:35
342
Стамбулда кыргызстандык кыз дайынсыз болууда


Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу кыргызстандык Ж.Ш.Б. аттуу кыздын дайынсыз болуп жатканын маалымдады.


24-июнь күнү консулдуктун шашылыш чалуулар номерине кыргызстандык А.Ж. аттуу аял чалып, кызы менен эки күндөн бери байланыша албай жатканын билдирген. Анын айтымында, кызы Стамбул аркылуу транзит менен Болгарияга бармак, ал жерден автобус менен Варна шаарына кетүүнү пландаган.


"Башкы консулдуктун кызматкерлери Сабиха Гокче аэропортунун иммиграциялык кызматына байланышка чыгышты. Анда Ж.Ш.Б. кармалбаганын жана Стамбулдун аймагына киргенин билдиришкен", — деп айтылат маалыматта.


Учурда шаардын укук коргоо органдары тарабынан издөө иштери жүрүүдө. Мекемеден Стамбулдун укук коргоо органдары жана дайынсыз болуп жаткан кыздын туугандары менен туруктуу байланышта болуп жатканын кошумчалашты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн