Учтун айы 15, 2025
Убакыт: 04:35
USD
87.30
87.80
EUR
89.50
90.50
RUB
0.845
0.880

Сугат жерлерди айрым учурларда трансформациялоого уруксат берилди

14.01.2025 16:14
55
Сугат жерлерди айрым учурларда трансформациялоого уруксат берилди


Сугат жерлерди айрым учурларда трансформациялоого уруксат берилди. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.


Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2024-жылдын 12-декабрында кабыл алынган.


Мыйзамга ылайык, муктаждык болсо сугат айдоо жерлерди менчигине карабастан трансформациялоого болот.


"Айдоо жерлердин категориясын билим берүү, саламаттык сактоо объектилерин, дене тарбия, ден соолукту чыңдоо комплекстерин, ветеринардык, фитосанитардык жана агробиохимиялык лабораторияларды курууга которууга болот", — деп жазылган маалыматта.


Ошондой эле айдоо жерлерге суу чарба курулуштарын курууга мүмкүнчүлүк берүү каралган.


Аталган мыйзамды депутаттар Айбек Маткеримов, Аманкан Кенжебаев, Кундузбек Сулайманов жана Марлен Маматалиев демилгелеген. Алар айдоо жерлердин категориясын которууга киргизилген чектөө инвестиция тартууга тоскоол болуп жатканын белгилешкен. Анткени зарыл болгон инфраструктураны куруу үчүн жер участогун бөлүп берүү мүмкүнчүлүгү жок болуп келген. Мындан улам соцобъектилерди куруу үчүн сугат жерлерди трансформациялоого мүмкүндүк берилди. 


Ошондой эле мыйзамдын 1-беренесинин экинчи бөлүгүнүн 3-пунктунда “мамлекеттик же муниципалдык гана менчикте турган” деген сөздөр алып салынды. Бул жеке менчикте турган жерлерди дагы белгиленген максаттарга трансформацилоого жол ачат. 


ЖКда талкууланып жатканда депутат Акбөкөн Таштанбеков жер менчик болгондо компенсация жагы кандай болоруна кызыккан. Буга жооп кылган Суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеев Жер кодексинде бул маселе каралганын белгилеп, жер ээсине компенсация төлөнүп же ордуна жер берилерин айткан. Дагы бир жолу — бул мамлекеттин пайдасына алып коюу экенин белгиленген


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн