Бугу 17, 2024
Убакыт: 12:05
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Сулайман Рысбаевдин “музыкалык өргөсүндө”

02.05.2024 16:55
760
Сулайман Рысбаевдин “музыкалык өргөсүндө”


Сулайман Рысбаев – окумуштуу-педагог, балдар жазуучусу, акын, жомокчу, журналист, этнограф, этнопедагог, обончу... Демек, ал бир нече жөндөмдү өзүнө камтып эле тим болбостон, анын ар бир багытын бапестеп багып, өнүктүрүп, өрчүтөп окумуштуу-педагог, акын-жазуучу, этнограф, этнопедагог катары да, обончу катары да өзүн тапкан инсан.


Сулайман Рысбаев обончулукка багыт койгонун мындайча эскерет: “Адегенде сезимиме келип, кулагыма угулуп жаткан добуштарды обон деп ойлогон эмесмин, бара-бара ар кандай кайрыктар дайыма мени коштоп жүрдү. Андай учурда мен студент кезимде комузчулар ансамблинде ойноп, Т.Тыныбековдун комуз черткенин көрүп, Экия Мукамбетов, Бейшеке Жандаров жана Чалагыз Исабаевдерден сабак алган жылдарымды сагынып, эңсеп жүргөндөй сезээр элем...”. 


Сулайман Рысбаевдин обончулукка таасирленишине биринчи “ырдын пири” аталган улуу Рыспайдын түшүнө кириши, экинчиси, иниси болсо да устаттай таасир берген Кыргыз эл артисти, композитор-обончу Кадыраалы Артыков деген ойго келдим. С.Рысбаевдин калемине таандык “Кадыраалынын канаттуу кайрыктары” деген даректүү повестинде “ырларымдын көпчүлүгүн Кадыралыга биринчи уктуруп, сынатып, аспапта ойнотуп, анан нотага жаздырып жүрдүм. Ошондогу «Кадыралы укту, ал жактырды, демек, обонум жаман эмес» деген ишеним мени обон чыгарууга таасирлентип, аракетиме жол салды. Ошентип Кадыралы менин алгачкы сынчым, ыр мугалимим жана да устатым болуп калды десем түк жаңылышпайм” деген сөздөрү бар экен... Ошондой эле обончу жана аткаруучу Жолдошбек Исраиловго да жаңы обондорун уктуруп, аккордеонго салдырып, анан карындашы, акын Гүлмира Рысбаевага ийине жеткире ырдатып көрүп, андан кийин “мына эми жакшы ыр болду окшойт” деп ишенген соң гана элге тартуулоо үчүн ырчыларга берип келгенин да айтып өткөн. Мына ушул жерде С.Рысбаевдин обончулукка да чоң жоопкерчилик менен мамиле кылганы байкалып турат. Анткени «чымчыкты сойсо да касапчы сойсун» дегендей, “мен жөн гана ышкыбоз, булар кесипкөй музыканттар, обон табиятын түшүнгөн адистер, алардан кеп-кеңеш алып турушум мен үчүн чоң мектеп” деп обончулуктун сырдуу дүйнөсүнө багыт алып, обон жаза баштаган. Мына ушундай табияттан берилген обончулук жөндөмдү бапестеп багып, аны андан ары өнүктүрүүнүн натыйжасында жаралган С.Рысбаевдин “музыкалык өргөсүнө” азыноолак саякатка барып көрөлү.


Бул “музыкалык өргөдөгү” обондору сөзү жана обону өзүнө таандык, анын сөзүнө жазылган обондор жана ошондой эле сөзү, обону С.Рысбаевге таандык балдар ырлары деген үч багытта карасак болот. Обондордун ичинде Ата Мекенге арналган “Кыргызстаным”, “Сүйөлү Кыргызстанды”, “Мекен болбос Ата Журттун өзүндөй”, “Жүрөгүм сенде, туулган жер” деген ырлары патриоттук дух берип, ар бир угарманды кайдыгер калтырбайт.


Мисалы, «Мекен болбос Ата Журттун өзүндөй” минордук ладда жазылса да салтанаттуу, ре-минор танольносту, пунтктирдик ритм, өлчөмү 4/4, музыканын көркөм каражаттары бай колдонулган, легато, регистр кичи октаванын ля нотасынан экинчи октаванын соль нотасына чейин, бул дээрлик эки октаваны камтыганды билдирет. Обон кайырманын үчүнчү жана төртүнчү саптарында кульминацияга чыгып, реприза аркылуу тоникага чечилет. Ырдын аягында кода берилген. Кода биринчи октаванын ре нотасына, б.а. тоникага аяктап, кайталоо аркылуу обон экинчи октаванын ре нотасына бүтөт. Мына ушул жерде “Мекен болбос Ата Журттун өзүндөй” деп ырдын сөзү да чоң чыңалууга жетет жана кенен масштабга айланат.


Сулайман Рысбаевдин обондору мажордук жана минордук ладдарда, минордук ладда жазылган обондор натуралдык минордо жөнөкөй эле чечилиште эмес, гармоникалык жана мелодикалык минорлорго чебердик менен өтүп, ырдын сөзүнө жараша өзгөрүлүп турат. “Апакем” – до минор, ыр төмөнкү регистрде жазылган. Соль кичи октавадан, до экинчи октава. Ырдын сөзү энеге болгон аруу тилекти берген. “Кыргыз вальсы” – вальс темпинде, өлчөмү 4/3, ми минор танольносту, регистри кичине октаванын си нотасынан экинчи октаванын до нотасына чейин, демек, бул обону да масштабдуу жана эки октаваны өзүнө камтыйт. Ырдын кайырмасында обондук өнүгүү башталып, аяктоо үчүн берилген кодада кульминациялык чекке жетет. Бул обон да мелодикалык минор, б.а. жетинчи баскыч ре нотасы жарым тонго (диез белгиси) көтөрүлүп берилген. “Мектеп вальсы” – си бимоль мажор, вальс темпинде, регистр фа биринчи октвадан, си экинчи октава. “Балажан”, “Бала кыялы”, “Кыргызстаным”, “Сүйөлү Кыргызстанды” обондору бала бакчада жана мектеп программасында ырдалып келет. 


Обондордо лирикалык ырлар да басымдуу орунду ээлейт. Мисалы, “Эңсөө”, жай темпте, 4/2 өлчөмдө, си минор, пунктирдик ритм, кайталоо, кода бар, ырдын сөзү кыял чабыттар аркылуу сезимдердин аруулугун ачып берет. Ал эми “Махабат вальсы” жогорку регистрды камтыйт, до экинчи октава. “Бийге чакыруу (той ыры) – бий мүнөздө шаңдуу, бий пунктирдик ритмде, “Бакыт гүлү” – ля бемоль мажор, орточо, жайдары мүнөздө, фадан фага чейин бир октавалык регистрде, обондун алдында ырдын мүнөзүн ачып берген кайрыктар, аягында вокализдер да берилген. 


Лирикалык ырлардын катарын “Келчи бактыма”, “Сураныч”, “Неге жолуктуң”, “Махабат кушу” ырлары толуктап турат. Бул ырлардын сөзү да сыйкырлап тургандай таасир калтырат, мисалы, 

“Бир жигиттин түшүнө күндө кирди сулуу кыз.

Махабаттын жебеси жүрөгүнө сайды “тыз”...


Философиялык ырлар “Гүл өмүр”, “Шат күндөр”, сөзү Г.Рысбаеваныкы, өлчөмү 4/2, ми минор, обон 16лык нота менен ырдын мүнөзүн ачып берет.


Ал эми Сулайман Рысбаевдин сөзүнө кыргыз профессионал обончулар жараткан обондор да угуучулардын назарында чоң баа берилип, сүйүктүү ырларга арналган. Атап айтсак, кыргыз эл артисти, композитор-обончу Кадыралы Артыковдун “Мырзайым”, “Жашоо – майрам”, “Айгерим” ырлары. 


«Жашоо – майрам» ырынын обону Кадыралы экөөбүздүн “чыгармачылык союзубуздун дагы бир керемет перзенти болду” деп белгилеген автор. Адегенде ырдын тексти «Досторума» деген ат менен жаралган. Бул ыр угармандарга К.Артыковдун жана Т.Найманбаевдын аткаруусунда тартууланып келет.


Ал эми “Мырзайым” ырынын алгачкы саптары троллейбуста баратып жаралган экен. “Тезинен текст жазыңыз” деген К. Артыковдун чалуусуна, оюна ошол замат “Жигит көөнүн жибиткен, жибек чачым Мырзайым” деген саптар келип, “бул кайырмасы болсо” деп оюн айтат. Ал ойлоно калып, андан ары оюмду улантып, “кыргыз наркын, салтын, адеп-ыйманын бекем туткан мыкты сапаттарын чагылдырыңыз” деп калды... Мына ушундай ат жалындагы диалогдон кийин “Мырзайым” ыры жаралган. 


Кыргыз кыздардын образын ачкан дагы бир ыр “Кыргыздын кызы” ыры си бемоль мажор, ачкычта беш белги, 4/3, 4/4 өлчөмдөргө алмашып турат. Ачкычта беш белгини колдонуп кесипкөй обончулар да дайыма эле обон жаратпаса керек. Анан да өлчөмдүн дайыма өзгөрүп туруусу атактуу обончу-аткаруучу Муса Баетовдун обончулук стилин эске салды. М.Баетовдун “Арпанын Ала-Тоосунан” ырында өлчөм 4/3, 4/2, 5/8, “Даанышманда”, “Кыздар-айда” 4/4, 4/2, 4/3 болуп өзгөрүп, созулуучу кайрыктарды күчөтүп турат.


Сулайман Рысбаевдин “Уча бер үмүтүмдүн каркырасы” ырынын сөзүнө Кубаныч Ашыралиев обон жаратып, эстрадалык багытта 1982-жылдан бери бир нече аткаруучулар угармандарга тартуулаган мотивациялык ыр. 


“Уча бер үмүтүмдүн каркырасы,

Шооладай туңгуюктан жаркырачы.

Уча бер талыганча канаттарың,

Келгенче өмүрлөрдүн аркы жазы” деген философиялык саптарга обончу Кубаныч Ашыралиев минордук ладда, бирок жандуу, бий мүнөздүү обон жараткан. Обондо музыкалык көркөм каражаттар бай колдонулган, мисалы, өлчөм 4/4, бирок жеңил, ар бир мотивди тыным бөлүп, кийинки мотив алга учуучу таасир берет... Жашоонун ырахатын көрүп, албууттанып толкун жирей үмүттөргө алган багытты көздөйт...


“Мен качан сууга чаңкап калган кезде,

Тандайга тамчы болуп тамчылачы...” деп, дайыма багыт, үмүт берип турууну суранган ыр саптары.

Вокализ катары берилген бий мүнөздүү кода ырдын сөзү менен терең айкалышып, закымдарга сапар алдырат.

Сулайман Рысбаевдин обондору профессионал аткаруучулар аркылуу угармандарга тартууланып келет. Мисалы, кыргыз эл артисттери Бакыт Ыбыкеев жана Кадыралы Артыковдор “Мекен болбос Ата Журттун өзүндөй”, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисттери Ү.Тилегенова “Бакыт гүлү”, Б.Бокоева “Кыргыз кызы”, С.Балтаева “Келчи бактыма”, Гүлзат Байзакова “Жүрөгүм сенде туулган жер”, Нурзат Айдаркулова “Эңсөө”, Достор тобу “Кыргыз вальсы”, Роза Шакирова, Айнура Салахиддиновалар “Шат күндөр”, ал эми анын ырларына обон жазган обончулардын катарында Д.Урманбетов, Алтай композитору Ирина Кензина, эл артисти Н.Турсунбаевдар да бар. 


Жыйынтыктап айтканда, Сулайман Рысбаевдин обондорунда элдик салттуулук сакталып, ошол эле учурда ырлардын диапозону кенен обондору анын кыйла такшалган обончулук өнөрүнөн кабар берет. Себеби, музыка таануучулар В.Винаградов, К.Дүйшалиев, В.Беляевдердин эмгектеринде обондун диапозону канчалык тар болсо, ошончолук жөнөкөй, түшүнүүгө жеңил болорун белгилешкен. Демек, диапозон канчалык кең болсо, ошончолук обондогу ой кеңири чечмеленип, обондун кульминациялык чечилиши бир топ толкундуу, татаал ритмикалык ыргактар менен ишке ашып, угуучулардын сезимине тереңирээк таасир этүүгө шарт түзүлөт. Ошондуктан, С.Рысбаевдин ырлары да угуучулардын жүрөгүнөн орун алган, мекенчил-патриоттук, лирикалык кайрыктар деп баалоого татыктуу.


Жүрөгүнөн ушунча кайрыкты жараткан адам созолонто ырдай алса да керек, андыктан агайдан бир собол ыр сураналы...


Айнура Муратова, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент  


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн