Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 16:45
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Султан Раевдин жан тууралуу, жандын жазасы тууралуу жазылган романы

10.06.2021 10:07
3269
Султан Раевдин жан тууралуу, жандын жазасы тууралуу жазылган романы


Жан тууралуу, жандын жазасы тууралуу жазылган эн бир көркөм, залкар, терең роман экен!  Чыгарманын тереңине чейин үңүлбөгөн, үңүлүүнү каалабаган, ошенткенден зериккен адам балким ".. бу Раев өзү ким? Дини кайсы? Кудайга ишенеби  өзү?" деши мүмкүн. Менин баамымда чыгармада автор конкреттүү бир улутка, өлкөгө же диндарга эмес, бүтүндөй адамзатка "Эй пенделер! Өзүңөрдү Кудай сезбегиле! Бардык жандар өлөт, бардык жандар эмнени эксе Кудайдын астында ошонун түшүмүн алышат! Жандарды азаптагандар жандын азабын тартышат! Кудай берген ЖАНды пенделер неге өз напсиси менен күнөөгө батыра беришет?" дегенди айткысы келиптир.


Кудай менен пенделердин мамилелери тууралуу бирдеме  жазуу үчүн жазуучу оболу  диндерди түзүктөп билиши керек. Мен билгенден Султан Раев "Куран" китебин кыргызчага которгон алгачкы котормочу-жазуучулардын бири. Чыгармада байкалып тургандай, ал христиан, католик, бутпарас, ж.б. диндерди, о.э. антикалык доордогу  диний ишенимдерди терең окуп изилдегени сезилип турат.  Чыгармада башынан аяк, "ишеним-бардык адамдарда ишеним, Кудай - бирөө, ал -жалгыз, ар бир күнөөнүн артында жазалоо бар.." деген өзөк окурманга конгуроо болуп кагылып турат. 


Мен С.Раевдин буга чейинки ангемелерин, айрыкча ушул жолкуда  "Жанжазаны" окуп жатып, көзүмө окуялар, каармандардын образы, кылык-жоругу, тагдыры элестелип, "ушунун баарын  кино кылып тартышса кандай керемет болоор эле.." деп ойлоп жаттым.


Менимче, Раевдин чыгармалары  казынада катылып жаткан алтын-жакуттардай, бирок азыр  аны көбү элес албай, маани бербей, баркына жетпей жаткандай,.. о кийин-кийин ал жазган чыгармалардын  маанисин аңдап, баа-баркын түшүнүп талашып-талашып окуй турган, кино кылып тарта турган  уникалдуу  эмгектер деп билем.  


"Жанжаза" романы  Лондондон, Анкарадан, Астанадан жарык көргөн, бир нече тилге которулган. 


Султан Раевдин  "ЖАНЖАЗА" романынын аудиолоштурулган вариантын угуу үчүн ылдыйдагы шилтемелерди басып уксаңыздар болот, рахмат. 


Биринчи аудио-бап:

https://www.youtube.com/watch?v=3ysHhH35paY


Экинчи аудио-бап:

https://www.youtube.com/watch?v=lDTxR2FT1cM


Үчунчү аудио-бап:

https://www.youtube.com/watch?v=rasu0nnxQnQ


Төртүнчү аудио-бап:

https://www.youtube.com/watch?v=LqtV08gQQvk


Бешинчи аудио-бап:

https://www.youtube.com/watch?v=gcW7HDVrPGM&list=PLXfXvSRavmC-2lwoZkxYjrmei47026ucV&index=26


Эрнис Кыязов

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн