Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 11:09
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Султанбай Айжигитов чек арадагы географиялык баалуулуктар боюнча илимий эмгектерди жазууну сунуштады

01.12.2022 13:18
366
Султанбай Айжигитов чек арадагы географиялык баалуулуктар боюнча илимий эмгектерди жазууну сунуштады

Бүгүн, 1-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов чек арадагы маанилүү географиялык баалуулуктар боюнча илимий эмгектерди жазууну сунуштады.


Анын айтымында, Тажикстан 10 жылдан бери чек арадагы аймактар боюнча бир жактуу кылып илимий жана тарыхый эмгектерди жазган.


"Тажикстан 10 жылдан бери илим адамдарына тапшырма берип, тарыхый маалыматтарды бурмалап эмгектерди жазып бүгүн биздин 2 миң километр квадрат жерибизге доомат коюп жатат.


Биз азыркы жашап жаткан жерибиздеги, айрыкча чек арадагы географиялык баалуулуктардын тарыхы, анын Кыргызстандын жери экенин аныктаган эмгектерди жаратышыбыз керек.

Суулар, тоолор баарынын тарыхын азыр жашап жаткан улуу муундун өкүлдөрүнөн билип алышыбыз керек",- деди эл өкүлү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн