Сүлүктүдө шахта урап төрт адам куткарылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Сүлүктү шаарында жайгашкан шахталарын биринде эски тосмосу урап түшүп 5 адам (аты-жөндөрү такталууда) калып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине ыкчам түрдө КР ӨКМнин жалпы 13 куткаруучусу тартылган.
Куткаруучулар 4 адамды аман-эсен чыгарып тез жардам кызматына өткөрүп беришкен, ал эми 1 адам куткаруучулар жеткенге чейин өз алдынча шахтадан чыгып кеткен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн