Бүгүн ӨКМге Сүлүктү шаарында жайгашкан шахталардын биринде, шахта урап түшкөндүгү жана ичинде адамдар калып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Жерине КР ӨКМнин 6 куткаруучу тартылып, куткаруучулар жерине барганда, шахта урабай эле ичинде 2 эркек киши тосмо орнотуп жатып газга ууланганы тастыкталды.
Куткаруучулар ууланган 2 адамды чыгарууга жардам беришкен.
Учурда абалдары жакшы.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн