Бугу 07, 2024
Убакыт: 00:18
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Сулуу кыздар көбөйүп кеткенби? Карай берип мойнум кыйшайып калмай болду!

22.03.2024 11:23
204
Сулуу кыздар көбөйүп кеткенби? Карай берип мойнум кыйшайып калмай болду!


Сулуулук – бул бактылуу болууга убада.

(Фридрих Ницше)


Сулуулук ичи тарларды, акыл душмандарды көбөйтөт.

(Галина Обеленская)


Комплимент айткандан сулуулук бузулбайт.

(Гарри Симанович)


Аялдар үчүн эң мыкты косметика – бул сүйүү. Бирок, косметиканы сатып алуу жеңил.

(Ив Сен Лоран)


Адамдар терезедеги айнекке окшош. Алар күн тийген кезде “жарк-журк” этишет. Ал эми чыныгы сулуулар болсо караңгы түшкөндө гана көрүнөт, анткени, алардын ичинен нур чачырап турат.

(Э.Кюблер-Росс)


Эч качан аялың боёнуп жатканда жолтоо болбо, жолтоо болсоң башка аялдар сулуу көрүнө баштайт.

(Магдалена Самозванец)


Сулуу кыздар көбөйүп кеткенби? Карай берип мойнум кыйшайып калмай болду!

(Бауржан Тойшибеков)


Сулуулук көздү эс алдырат.

(Иосиф Бродский)


Акыл-эс сулуу кызга деле жолтоо болбойт.

(Татар накылы)


Сулуу аялды үй жумушуна пайдаланбаш керек.

(Магдалена Самозванец)


Гүлгө “сен сулуу эмессиң” деп кантип айтасың?

(Владимир Петрович Бурич)


Сулуу нерсенин баары аз санда болот.

(Марк Туллий Цицерон)


Сулуулук дүйнөнү сактайт, бирок сулуулукту ким сактайт?

(Константин Кушнер)


Келесоо сулуулук – сулуулук эмес.

(Иван Гончарев)


Аял абийири, уяты менен сулуу. 

(Валерий Афонченко)


Ах, бул аял паранжы жамынып алса аябай сулуу көрүнөт экен!

(Михаил Мамчич)


Сулуу аялдар эки жолу өлүшөт.

(Пьер Буаст)


Кудай муну “акылдуурак бирөөнү таап алсын байкуш” деп сулуу жаратып койгон тура.

(Михаил Мамчич)


Сокур кишинин аялы ким үчүн жасанып жүрөт болду экен?

(Томас Фуллер)


Жарык бизге сулуулукту көрсөтөт, бирок куниктикти деле ачып көрсөтүп салат.

(Лев Шестов)


Сулуулук – бул көз ачып жумганча созулган түбөлүктүүлүк.

(Альбер Камю)


Куник аялдар эркектер тууралуу сулуу аялдарга караганда да көптү билишет.

(Кэтрин Хепберн)


Сулуулук тойдо керек болсо, сүйүү күндө керек.

(Перси накылы)


Сулуу ат баарына эле жагат, бирок эмнегедир эч ким өзү ат болгусу келбейт.

(Аврелий Августин)


Эркектин сулуулугу – акылы, сулуулук – аялдын акылы.

(Илья Шевелев)


Акылдуу эркекке сулуулуктун кереги жок сыяктуу, сулуу аялга деле акылдын кереги жок.

(Бауржан Тойшибеков) 


Асан-үсөн жарым саат кетпей туруп алса, ага эч ким көңүл бурбай калат.

(Иоганн Вольфганг Гёте) 


Аялдын акылы анын сулуулугунда, эркектин сулуулугу анын акылында.

(Араб накылы)


Жумасына жети кило арыктагың келеби? Опоңой! Күнүнө бир килодон арыкта.

(Михаил Задорнов)


Жаш көрүнгүң келеби? Анда жашыңды көбүрөөк кылып айт.

(Константин Мелихан)


Косметиканы каерге сүйкөш керек дейсиңби? А сен өзүң каериңен өпкөнүн каалайт элең?

(Коко Шанель)


Дүйнө керемет! Мени кейиткен нерсе ушу.

(Станислав Ежи Лец)


Сулуулук адамды сокур кылып коёт. Сокур кишини болсо алдаш оңой.

(Америка накылы)


Маймылдын эң сулуусунун деле түрү суук.

(Гераклит Эфесский)


Мамат Сабыров 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн