Бугу 09, 2024
Убакыт: 14:20
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Сурамжылоо: Айыл чарба министрлигин жоюу демилгесин колдойсузбу?

13.02.2023 13:47
2136
Сурамжылоо: Айыл чарба министрлигин жоюу демилгесин колдойсузбу?

10-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев Айыл чарба министрлигинин ишин сынга алып, министрликти жоюп салууну сунуштады.


Депутат бүгүнкү күндө дыйкандар менен фермерлер министрликсиз эле өз иштерин алып барууда.


"Бул министрлик союз мезгилинен калган. Ал убакта 10 миллион кой, 2,5 миллион кара мал бар эле. Ал кезде министрлик керек болгон. Бүгүнкү күндө Айыл чарба министрлигинин дыйкандар менен фермерлерге зыяны тийбесе пайдасы тийген жок.

Былтыркы жылы жок жерден мамлекетти 78 миллионго зыянга учураттыңар. Силердин селитра келгенче дыйкандардын эгини бышты.

Бул министрликти же департамент кылып салыш керек же биротоло жоюш керек ",- деди эл өкүлү.



Сиз Айыл чарба министрлигин жоюу сунушун колдойсузбу?

Жок, Айыл чарба министрлиги керек. 278 добуш (59.15%)
Ооба, колдоймун. 148 добуш (31.49%)
Айыл чарба министрлигин жоюп, департамент катары калтырыш керек. 44 добуш (9.36%)

Пикирлер (31)

Коопсуздук коду
Улан
Биз агрардык өлкө болгондуктан, айыл чарба министрлиги сөзсүз керек. Баардык тамак-аш айыл чарбасы менен гана болот. Ушу депутаттар ойлонуп сүйлөсө. Былтыркы жылы ГСМ, үрөн, жер смеирткичтерди арзан баада таратып беришти министрлик. Ошо Женишбек Токторбаев элге эмне кылды? Союздун убагындай ойлоп жатса керек бул депутат.
Акыл
Агрардык өлкө болсок Айыл чарба министирлиги болбосо кандай болот ойлонуп сүйлөсөңүздөр урматтуу депутаттар!
Алтынай
Айыл чарба министирлиги болбосо жашоо болбойт!
Ширин Ширин Абдылдаева
Айыл чарба министрлиги абдан керек. Бугунку кундо ар бир дыйкан учун агрономдун кенеши керек деп эсептеймин.
Жусупов ш
Биздин Кыргызстанга созсуз Айыл чарба министирлиги керек ойлонгон адамга