Бугу 09, 2024
Убакыт: 22:58
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Сурамжылоо: Айыл чарба министрлигин жоюу демилгесин колдойсузбу?

13.02.2023 13:47
2140
Сурамжылоо: Айыл чарба министрлигин жоюу демилгесин колдойсузбу?

10-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев Айыл чарба министрлигинин ишин сынга алып, министрликти жоюп салууну сунуштады.


Депутат бүгүнкү күндө дыйкандар менен фермерлер министрликсиз эле өз иштерин алып барууда.


"Бул министрлик союз мезгилинен калган. Ал убакта 10 миллион кой, 2,5 миллион кара мал бар эле. Ал кезде министрлик керек болгон. Бүгүнкү күндө Айыл чарба министрлигинин дыйкандар менен фермерлерге зыяны тийбесе пайдасы тийген жок.

Былтыркы жылы жок жерден мамлекетти 78 миллионго зыянга учураттыңар. Силердин селитра келгенче дыйкандардын эгини бышты.

Бул министрликти же департамент кылып салыш керек же биротоло жоюш керек ",- деди эл өкүлү.



Сиз Айыл чарба министрлигин жоюу сунушун колдойсузбу?

Жок, Айыл чарба министрлиги керек. 278 добуш (59.15%)
Ооба, колдоймун. 148 добуш (31.49%)
Айыл чарба министрлигин жоюп, департамент катары калтырыш керек. 44 добуш (9.36%)

Пикирлер (31)

Коопсуздук коду
Узаков Муратбек
Айыл чарба министрлиги керек. Анын ишмээрдуулугун корсотуу учун айыл окмоттордо агроном адистерин жумушка алуу керек. Райондордогу бештен адис агрардык саясатты толук кандуу жургузууго жетишсиз.
Суракматова Гүлбарчын
Эң эле керектүү министрлик бул Айыл чарба министрлиги мамлекеттин өнүгүүсү айыл чарбасын өнүктүрүүдөн башталат айыл чарбасы өнүкпөсө мамлекет эч качан өнүкпөйт
Созсуз айыл чарба министрлиги маанилуу.
Созсуз айыл чарба министрлиги маанилуу. Айыл чарбасы жок мамлекет болбойт.
Абдулат
Айыл чарба министрлигинин жургузуп жаткан жумушун колдоймун.
Улан уулу Нургазы
Агрардык өлкө болгондон кийин Айыл чарба министрлигинин орду чоң, жоюу эмес, тескерисинче күчөтүш керек министрликти. Министрликтин кылып жаткан эбегейсиз эмгегин билбей туруп суйлогон туура эмес. Айыл чарба министрлиги болуп келген, боло берет жана Кыргыз элибиздин тамак аш коопсуздугун камсыздай берет. Бул чон эмгек!