Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 20:39
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Сурамжылоо: Айыл чарба министрлигин жоюу демилгесин колдойсузбу?

13.02.2023 13:47
2636
Сурамжылоо: Айыл чарба министрлигин жоюу демилгесин колдойсузбу?

10-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев Айыл чарба министрлигинин ишин сынга алып, министрликти жоюп салууну сунуштады.


Депутат бүгүнкү күндө дыйкандар менен фермерлер министрликсиз эле өз иштерин алып барууда.


"Бул министрлик союз мезгилинен калган. Ал убакта 10 миллион кой, 2,5 миллион кара мал бар эле. Ал кезде министрлик керек болгон. Бүгүнкү күндө Айыл чарба министрлигинин дыйкандар менен фермерлерге зыяны тийбесе пайдасы тийген жок.

Былтыркы жылы жок жерден мамлекетти 78 миллионго зыянга учураттыңар. Силердин селитра келгенче дыйкандардын эгини бышты.

Бул министрликти же департамент кылып салыш керек же биротоло жоюш керек ",- деди эл өкүлү.



Сиз Айыл чарба министрлигин жоюу сунушун колдойсузбу?

Жок, Айыл чарба министрлиги керек. 278 добуш (59.15%)
Ооба, колдоймун. 148 добуш (31.49%)
Айыл чарба министрлигин жоюп, департамент катары калтырыш керек. 44 добуш (9.36%)

Пикирлер (31)

Коопсуздук коду
Акматали Мамираимов
Айыл чарба министрлиги эн керектуу тармак
Рысбек
Айыл чарба министри иштегенде дыйкандар кыйналбай ондургон продукциясын сатышмак. Азыр тонналаган картошкалар жатат. Жыйып тергени менен актабай калган.
Саитова Айгуь
Айыл чарба министирлигин кайра өнүктүрүш керек,
Шамшиева Тазагүл
Айыл чарба министрлиги сөзсүз керек!
Аграрник
Айыл чарба министрлиги керек, жойгондун ордуна шарттарды тузуп берип, кучтондуруу керек. Райондук агрардык онуктуруу башкармалыктарынын статусун которуу зарыл.