Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 05:07
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Сурамжылоо: Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кызматтан кетиши керекпи?

23.01.2023 12:47
17112
Сурамжылоо: Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кызматтан кетиши керекпи?

Соңку күндөрү социалдык тармактардын колдонуучулары Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кызматтан кетиши керек деген пикирлерин калтырышууда.


Буга себеп катары алар салыктын түрлөрүнүн көбөйгөнү жана Министрлер кабинетинин шалаакылыгынан улам өлкө жетекчисине нааразылык пайда болгонун жүйө келтиришүүдө.


Ошол эле учурда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун саясатын колдоп, экономикалык бакубатчылыкка жетүү үчүн ал кызматтан кетпеши керек дегендер да аз эмес.



Урматтуу окурман, сиз Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кызматтан кетиши керек деп эсептейсизби?

Жок! Акылбек Жапаров кызматын улантышы керек! 561 добуш (77.06%)
Ооба, Акылбек Жапаров кызматтан кетиши керек! 151 добуш (20.74%)
Мага баары бир! 16 добуш (2.20%)

Пикирлер (331)

Коопсуздук коду
Эмирбек
Акылбек Жапаров атамдын айлыгын, пенсия, пособия которду жакшы иштеватат
Шаменов Рустам
Жок кетпеши керек,иштеши керек,
Аделина Дамбиева
Акылбек Жапаров - эн жакшы кризис менеджер, мыкты экономист!. Жакшы иштеп жаткан адамды жон тийишпей, тоскоол болбой жардам бериш керек. Ишин аягына чейин чыгыш керек!
GuBeg
Менин оюмча азыркы министрлер кабинетинин төрагасынын иш аракеттери ээндүү жана жигердүү жүрүп жатат. Провокация кылгысы келгендер жана чыдамы жоктордун жетегинде социалдык тармакта каралоо жүрүп жаткандай. Акылбек Жапаровдун реформаларын колдоп турсак келечегибизге зор таасир этээрин билсек. Мен Жапаровдун саясатын колдойм жана бул инсан өз ордунда отурат деп эсептейм. Акылбек Жапаровго ишине ийгилик, элиме жериме тынчтык. Аман бололу, бар бололу, бай бололу Кыргыз элим 🙏🙏
Бүбүсайра
Ооба, бул инсан жөнүндө ар кандай пикирлер бар, бирок Акылбек Жапаров чыныгы кризис-менеджер. Азыркы учурда жаны тынбай иштеп жатат, бул тынымсыз эмгектин жакшы акыбети кайтат деп ишенем!