Бишкек-Ош унаа жолундагы Суусамыр суусуна боюнча таштаган 47 жаштагы кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 6-майда эркек киши өз өмүрүнө кол салгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.
"Бүгүн, 7-майда, жерине 9 куткаруучу тартылып, саат 15:30дар чамасында куткаруучулар тарабынан суунун жээгинен эркек кишинин сөөгү табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - деп айтылат билдирүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн