Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 18:47
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.972

Суваналиев: Абдил Сегизбаев баш паанек алыш үчүн президенттик шайлоого катышууда

09.12.2020 18:09
1304
Суваналиев: Абдил Сегизбаев баш паанек алыш үчүн президенттик шайлоого катышууда


“Абдил Сегизбаев өзү деле, эл деле билет, ал көп шайлоочунун добушун ала албайт, бирок президенттик шайлоого талапкер катары жутунуп чыгып, бийликти өкүртө сындап, саясый упай топтоп жатат. Муну менен ал эл көзүнө, эл аралык чөйрөгө өзүн бир саясый күч катары, оппозициялык  бирдик катары көрсөтүүгө аракеттенүүдө.


Сегизбаев сезип турат, 10-январдан кийин жаңы шайланган президент  мурунку эски чиновник-кылмышкерлердин баарын кылган кылмыштары үчүн мыйзам түрүндө жоопко тартарын, ошондуктан мындан ары алар үчүн Кыргызстанда тынч жашап калууга мүмкүн эместигин. Алардын бир гана жолу калды – чет өлкөгө саясый башпаанек сурап качуу. Абдил Сегизбаев мына ушул максатта президенттикке талапкердин кол тийбестик макамынан пайдаланып, бийликти сындап, оппозиционер катары таанылып, шайлоодон кийин,  Алматы аркылуу чет өлкөгө башпаанек сурап качканы турат. Азыр Абдил Сегизбаевдин бир нече кызматкерине, анын ичинде эки орун басары Болот Сүйүнбаев менен Дүйшөнбек Чоткараевге да алтын контрабандасы боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынган кызматкери начальниги Дүйшөнбек Чоткараевге каршы көрсөтмө берсе, Чоткараев Болот Сүйүмбаевге каршы көрсөтмө берип жатат. Ал эми Болот Сүйүнбаев тергөөдөн качып жүрөт. Бул сыйыртмак акырындап Сегизбаевге жакындап келе жатканынан  ал өзүн президенттикке талапкер катары көрсөтө коюп, жоопкерчиликтен качуунун айла-амалын издөөдө. Айта кетүүчү нерсе, 22 кг алтын контрабандасы бул бир гана кылмыш эпизоду болуп эсептелет. Жакшылап иликтесе мындай эпизоддордун көбүнө күбө болобуз. Атамбаевдин учурунда УКМКчылар Сегизбаев, Сүйүнбаевдер Кыргызстандагы бардык контрабандага “крышевать” этишкен. Ошонун ичинде Тажикстанга контрабандалык жол менен ташылган бензин жана башка күйүүчү майлар да кирет. Азыр эми Сегизбаев интервью берип “Контрабанданын башында “Шоопур” турган” деп күнөөнүн баарын Илмияновго оодарганы жатпайбы, Илмиянов деген ким? Ал деген бир “исполнитель” да , ал эми Сегизбаев килейген УКМКнын төрагасы болгон.  Эгер “Шоопур” контрабанда кылып жатканын билсе эмнеге аны камап салбайт? Буга да жоопкерчилик бар. Сегизбаев УКМКнын төрагасы болуп турганда бир да резонанстуу кылмыштын бети ачылбады. Дача СУ сыяктуу ың-жыңсыз жабылып калды. Албетте өзү армияга барбаган Сегизбаевге Атамбаев мыйзамды бузуп, генерал наамын берип жатса, булардын колунан эмне иш келет? Анын ордуна булар саясый “сыск” менен алек болуп, бийликтин оппоненттерин куугунтуктоого алды. Сегизбаев азыр берип жаткан интервьюларынын баарында маалыматтарды өз кызыкчылыгына жараша бурмалап берип жатат. Өзүн оппозиционер саясатчы катары көрсөткүсү келүүдө”, – деди Суваналиев.


“Андан сырткары Сегизбаев дагы бир талапкер Садыр Жапаров президенттик шайлоодон жеңсе УКМКнын төрагасы болуп турганда жасаган кылмыштарына  мыйзам алдында жооп берерин сезип, “Садыр Жапаровдун артында криминал турат, Бакиев турат” деген сыяктуу ушактарды уюштуруп, массалык түрдө таратууда. Ал өзү башында медиакызматкер эмес беле, кантип “кара пиар” уюштурууну билет. Бул ушактардын артында Сегизбаев турары белгилүү болуп калды. Дегеле Алмаз Атамбаевди жолдон чыгаргандар да ушулар болду. Президентке күндө кечинде докладной жазганда УКМКнын генералдары өлкөдөгү ачуу чындыкты жазбастан, Атамбаевге жага турган гана маалыматтарды жазып жүрүшүп, Атамбаев реалдуулукту жоготуп койду. Ал өлкө гүлдөп жатат, эл мени сүйүп жатат деп чын эле ишенип алган. Эми түрмөдөн жазбадыбы “мен муну билгенде башкача кылмакмын, мен генералдарга ишенип алыпмын” деп. Фарид Ниязов да түрмөдөн Садыр Жапаровго кайрылымыш болуп “атайын кызматтардын маалыматтарына ишенбеңиз” биз аларга ишенип алып ит болдук деп жатпайбы. Бул Кыргызстандагы эң чоң аппараттын жетекчисинин айтканы… Эми айта берсе кеп көп, мына ошондуктан Абдил Сегизбаев шайлоодо добуш ала албасын билип турса да өзүн талапкердикке коюп, кол тийбестик макамын алып, күпүлдөп Садыр Жапаровду сындап, аны Бакиевчи же криминал кылып көрсөтүүгө жанталашууда. Көрөсүңөр, шайлоодон кийин Сегизбаев качып, чет өлкөдөн башпаанек сурайт”, – деди КР Коопсуздук кеңешинин катчысынын экс-орун басары Өмүрбек Суваналиев.


Булак:  Kyrgyztoday.kg

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн