КР өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев чек арадагы акыркы абал боюнча маалымат берди. Бул тууралуу ал АКИпресс агенттигине билдирген.
Анын айтымында, азыркы тапта ок атуу токтотулган.
"Түндө эч кандай эки тараптуу ок атышуу орун алган жок. Кечки саат 8ден эки тарап да ок атууну токтотушкан. Айрым аймактарда жарандар тарабынан ок чыгаруу болду. Бул кагылыштын натыйжасында болду. Азыркы учурда абал тынч. Биз материалдык жапа чеккен үйлөрдү карап жатабыз",- деди Суваналиев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн