Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 13:56
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Суваналиев Садыр Жапаровдун Текебаев боюнча айткандарына пикирин билдирди

27.11.2020 15:48
1239
Суваналиев Садыр Жапаровдун Текебаев боюнча айткандарына пикирин билдирди


Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары Өмүрбек Суваналиев “Азаттык” үналгысына маек берип, Садыр Жапаровдун Өмүрбек Текебаев тууралуу айткандарын тастыктады. Буга чейин Жапаров Текебаевдин “Мегаком” үчүн 1 млн. доллар алганы чын экенин, аны Суваналиев да тастыктай турганын билдирген болчу.

 

 “2012-жылы “Ар-Намыс” партиясынан шаардык кеңешке депутаттыкка койгонбуз. Анда Куловдун офисинде отурчубуз. Ошондо Модин келип “Маевский менен чогуу Текебаевге 1 млн доллар бергенбиз, ошону алганга көмөктөшчү” деп Куловдон суранган . Андан чыккандан кийин мага келгенде баарын сурап алгам. Анда Текебаев Атамбаев менен шерик болуп бийликте болчу. Анан мен балдарга айткам карасаңар бийликте отугандар канча акча алып жатат деп. Андан кийин Равшан Жээнбеков деле интервью берип жүрдү. Саясатчылардын көбү беилет деп айтканы чын. Анткени Модин депутаттардын баарына барып келгенин айткан. Анан аны калп айтып эмне кылабыз”, – деди Суваналиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн