Аяк оона 21, 2025
Убакыт: 19:15
USD
87.30
87.80
EUR
102.20
103.20
RUB
1.045
1.075

Сүйүнбек Өмүрзаков: Жумушсуздук жоюлмайынча, жашоо-турмуш оңолбойт

10.02.2022 17:58
755
Сүйүнбек Өмүрзаков: Жумушсуздук жоюлмайынча, жашоо-турмуш оңолбойт



Бүгүн, 10-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар социалдык-экономикалык маселелер көтөрүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.


Алсак, депутат Миргүл Темирбаева Лейлек районундагы бардык айылдар өзгөчө макам алышы керектигин белгилеп: “Маселен, тиешелүү тизмеге Көк-Таш айылы кирбей калган. Социалдык көйгөйлөрү арбын. Ичүүчү жана сугат суусу жетишсиз. Андыктан чек арага чектеш айылдарга колдоо көрсөтүп, элди көчүрбөй сактап калуу керек”, – деди.


Ал эми депутат Сүйүнбек Өмүрзаков өлкөдө балдарга татыктуу тарбия берүүгө көп көңүл бурулбай жатканын жүйө келтирип: “Мектептердин абалы начар. Меш менен ысыган окуу имараттары көп. Айрыкча алыскы айылдардагы мектептер каралбай калды” – деп кошумчалады. Мунун менен катар жумушсуздук күч алганын белгилеген депутат: “Жумушсуздук жоюлмайынча, жашоо-турмуш оңолбойт” – деп билдирди.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн