Бүгүн, 20-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүнбек Өмүрзаков Баткен облусуна, кыргыз-тажик чек арасына тез арада өзгөчө көңүл бурууга чакырды.
Депутаттын айтымында, сүйлөшүүлөр аркылуу жаңы конфликттин алдын алууга болот.
"Мына кечээ баарыбыз Тажикстан жарандык унаалар, тез жардам унаалары аркылуу "Головной" тарапка курал топтоп жатканын көрдүк. Муну кандай түшүнсө болот?
Өткөн жолу да жергиликтүү эл тажиктер окоп казып жатат, курал ташып жатат дегенде кайдыгерлик болуп чоң чатакка алып келген.
Азыр да айтып жатышат. Буга тез арада чара көрүш керек. Тажикстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүш керек ",- деди депутат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн