Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарында фехтование боюнча Кыргыз өлкөсүнүн атынан спортчу Роман Петров алтын медаль утту.
Ал финалда азербайжандык спортчуну 15:12 эсебинде утуп, биринчи орунду багындыра алды.
Белгилей кетсек, Ислам тилектештиги оюндары Түркиянын Конья шаарында өтүп жатат. Ага дүйнөнүн 54 өлкөсүнөн 4 миңдей спортчу катышууда. Оюндар 18-августка чейин уланат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн