2023-жылдын 22-июлунда Ош шаарынын перинаталдык борборунда үч эм төрөлдү – эки уул жана бир кыз.
Медиктердин маалыматына ылайык, балдар кесерово жолу менен жарыкка келди. Наристелердин биринчиси (уул) - 1 кг 200 грамм, экинчиси (кыз) - 1 кг 350 грамм, үчүнчүсү (уул) - 1 кг 280 грамм.
Үч эмдин энеси Ош облусунун Чоң-Алай районунун тургуну. Бул 21 жаштагы эненин биринчи төрөтү. Ымыркайлар мөөнөтүнөн мурда - 30 жумасында жарык дүйнөгө келди.
Ош шаарынын саламаттык сактоо координатору Эрмек Нурунбетовдун маалыматына ылайык, ымыркайлардын абалы туруктуу жана алар үйлөрүнө чыгарылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн