Сузак районунда жаңы суу сактагыч курулат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы билдирди.
Анын айтымында, Көгарт суу сактагычын куруу боюнча долбоордук-изилдөө иштерин иштеп чыгууга Айыл чарба министрлигине караштуу Суу чарба кызматынын суу чарба курулуш дирекциясы тарабынан сынак жарыяланган. Алар бул максаттарга 25 миллион сом жумшоону пландаштырып жатышат. Иш 31-декабрга чейин бүтүшү керек.
Жалал-Абад облусундагы Кара-Алма дарыясына Көгарт суу сактагычын куруу пландалууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн