Бугу 19, 2024
Убакыт: 08:29
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Сузак районунда эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалды

Сузак районунда эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалды



2023-жылдын 13-январында УКМК Жалал-Абад облусттук башкы башкармалыгы тарабынан, Сузак районунун аймагынан, Сузак районунун Сузак айылында туулган Эл аралык террористтик уюмдун шериги Х.А.С. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.


Кылмыш иштин 255-беренесинин 2-бөлүгүнүн алкагында, Х.А.С. “жихадчы” идеологиянын активдүү жактоочусу катары социалдык тармактар аркылуу Сириядагы ЭТУнун эмиссарлары менен байланышып, көрсөтмөлөрүн аткаруу менен ЭТУнун катарына жаңы жактоочуларды тартуу үчүн «Тик Ток» жана «Инстаграм» социалдык түйүндөрүндөгү жеке баракчасында ЭТУнун радикалдык үгүтчүлөрүнүн «Джамаат Таухид ва-Джихад» жана «Өзбекстан ислам кыймылынын» видеокайрылууларын таратып, пропагандалагандыгы аныкталды.


X.А.С.дын жашаган жеринен, радикалдуу видеолорду жарыялап колдонуп жүргөн 3 уюлдук телефон табылып алынган.


Кармалган адам КР УКМКнын Жалал-Абад облусунун тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн