Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 04:52
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Сузакта “Йакын инкар” агымынын жашыруун ячейкасынын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

30.11.2023 10:40
583
Сузакта “Йакын инкар” агымынын жашыруун ячейкасынын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду


“Йакын инкар” диний-экстремисттик агымынын Сузак районундагы жашыруун ячейкасынын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду, деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, 28-ноябрда Жалал-Абаддагы “Йакын инкар” диний-экстремисттик агымынын төрт активдүү мүчөсү: 1972-жылы туулган “Т.Т.Ж.”, 1983-жылы туулган “А.М.М., 1983-жылы туулган “У.Э.Э.”, 1986-жылы туулган “С.Ш.А.”, 1988-ж.т. “С.О.М.” жана 1991-жылы туулган “С.Б.С.” кармалды.

Аталган ячейканын мүчөлөрү Сузак районунун аймагында экстремисттик идеологияны жайылтуу жана таратуу боюнча иш алып барышып, КМДБдан эч кандай тиешелүү уруксаат албастан миссионердик иштерди жүргүзүп келишкени аныкталган. Ошондой эле, диний көз караштардан улам, алар светтик жашоону чанып, балдарына орто билим берүү мекемелерине барууга, эмдөөдөн өтүүгө жана башка медициналык процедураларга тыюу салышкан.

Бул адамдардын жашаган даректеринде тинтүүнүн натыйжасында “Йакын инкар” диний-экстремисттик агымына тиешелүү диний-экстремисттик адабияттар табылып, алынган материалдардын негизинде соттук-диний экспертиза дайындалды.

Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн