Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 05:46
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Сузакта өрттөн 45 жаштагы жаран каза тапты

Сузакта өрттөн 45  жаштагы жаран каза тапты

Сузакта өрттүн кесепетинен 45 жаштагы жаран каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.


Маалыматка ылайык, Винсовхоз айылындагы Дружба көчөсүндө эки кабаттуу барак тибиндеги турак үйүнүн бир бөлмөсүндө төшөнчүлөр жана үй тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1978-жылы туулган Т.З. аттуу эркек киши каза болгон.


Өрт тиричилик электр шаймандарын колдонууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушунан чыккан.


Белгилей кетсек, акыркы суткада өлкө аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 9 бөлүм тартылган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн