Бугу 08, 2024
Убакыт: 16:11
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Светбек жана Светгүлдөргө даңк!

22.12.2020 09:57
606
Светбек жана Светгүлдөргө даңк!
Жарым саат жарык өчсө жаман нерв болуп, тамеки тартып, туш тарапка чалып, күнүбүз түнгө, түнүбүз тозокко айланат. Күзөт бөлүмдөрүнө чалып, катуу сүйлөп, "кезек менен барабыз, азыр барып калышат, заявкаңарды кабыл алдык.." деп жатса болбой, "эми качан ыя?!" деп, тимеле энергетиктерге алдына ала акчасын төлөп койгондой догубузду артып турганыбызчы?! Анан жарык жанды дегенде жашоо кайтып келгендей болобуз...

Андыктан, мен бүгүн Кыргызстандык энергетиктерди кесиптик майрамы менен чын дилден куттуктайм. Сиздердин күжүрмөн аракеттер дайыма биздин эсибизде болуп, эмгегиңиздерди сыйлоого тийишпиз!

Айрыкча, карандай суукта темир кучактап, бетонго жармашып карагайдын башына чыккан монтерлер, жер алдына түшүп иштеген инжинер-техниктер, ГЭСтер менен РЭСтерде, ТЭЦтерде иштеген электриктер сиздерге терең ыраазычылык!

Тилекке каршы, кыргыз энергетиктери жашарганы менен энерго система эскирип баратат. СССРден калган эски системаны жаңылоо үчүн жаныңарга кубат берсин! Ууру-бөрүлөр эмес чыныгы иштерман, менеджер, мекенчил энергетиктер катарыңарды толуктасын!

Талыкпай иштеп, биздин жашоону жарык кылып, өзүңөр да иштен баар тапкыла!

Тынчтык Алтымышев, журналист, коомдук ишмер

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн