Бугу 09, 2024
Убакыт: 15:23
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Светлана Драган, астролог: «Коронавирус пандемиясынын экинчи толкуну – бул жөн гана слоган»

22.12.2020 16:05
978
Светлана Драган, астролог: «Коронавирус пандемиясынын экинчи толкуну – бул жөн гана слоган»

Россиялык астролог Светлана Драган дүйнө коомчулугун чоочутуп турган коронавирус пандемиясынын экинчи толкуну тууралуу маалымат каражаттарынын бирине курган маегинде мындай деди:


«Адамзатында кайра түзүлүү жүрүп жатканын түшүнүү керек. Кайра түзүлүү органикалык деңгээлде, кайра түзүлүү аң-сезим деңгээлинде. Вирус деген аталыш менен болуп жаткан нерсе – бул кайра кодировкалоо, бул ушул теманы өздөрүнүн кайсы бир максаты үчүн эксплуатациялоо. Биз азыр бир гана окуяны өткөрүп жаткан жокпуз. Биз азыр түшүнүктүн комплексин өткөрүп жатабыз. Медицинада бир нерсе баары бир акыйкат эмес экенин, бири-бирибизге мамиледе да ушундай экенин көрүп жатабыз. Ушунун баары бизди көп нерселердин үстүнөн ойлонуубузга мажбур кылууда. Качан биз муну түшүнүп, долуланбастан туура кабыл ала баштасак, организм да муну туура кабыл ала баштайт. Организмдеги клеткалар «ужас-ужас» дешпей, бири-бирине даяр экендиктерин билдирип калат. Муну түшүнбөгөндөр коркуп. Кайра түзүлүш процессине жолтоо болушат. Бул процесс негативдүү жыйынтыкталышына кызыкдарлар да бар. Бирок, бизге кереги жок. Адамда кооптонуу, коркуу болгондо, анда организм вибрация боло баштайт. Биринчиден, ага жакын баруу мүмкүн эмес, себеби конфликтти аралыктан туруп жасайт. Өзүнө-өзү ошондой кырдаалды түзөт. Мындай көрүнүш кимге керек болсо, ошого оңой олжо болуп саналат. Качан гана дүйнөнүн көптөгөн адамдары кеңири дем алып, коркуу-кооптонуудан алыс боло баштаганда, таптакыр башка процесс башталат.


Коронавирус пандемиясынын акыркы күрөшү - январь, февраль болот. Бул жөн гана толкун эмес, бул пандемиялык маселеге илимий көз караш менен кароого карама-каршы кадам. Бир жагынан техникалык-эпидемиологиялык жактан идеяны жыйынтыктоо, экинчи жагынан бул кимдир-бирөөгө азырынча керек болгондуктан экинчи толкун деген слоган болуп турат», - дейт ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн