Бугу 16, 2024
Убакыт: 08:10
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

ТИМ: Индияда башка өлкөлөрдөн барган даватчыларды камап жатканы чын

04.05.2020 16:56
1084
ТИМ: Индияда башка өлкөлөрдөн барган даватчыларды камап жатканы чын


Индияда башка өлкөлөрдөн келген даватчыларды камап жатканы чын. Бул тууралуу “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.


“Индияда башка өлкөлөрдөн келген “Таблиг Жамааттын” өкүлдөрүн убактылуу камап жатканы чын экени такталды. Ал эми биздин жарандар алардын арасында бар-жогу учурда Элчилик тарабынан такталып жатат. Алар тийиштүү иштерди жүргүзгөндөн кийин дагы маалымат берилет”, - деди басма сөз кызматынан.


Эске салсак, буга чейин Индияга дааватка барган ондон ашык кыргызстандык камалганы айтылып, Тышкы иштер министрлигинен бул тууралуу аларда маалымат жок экенин билдирген.


Ошондой эле Кыргызстандын сегиз жараны Индиянын Бидар шаарында виза режимин бузуп кармалганы, алар туристик виза менен диний иштерди аткарып жүрүп колго түшкөнү кабарланган.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн