Бугу 05, 2024
Убакыт: 03:37
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

ТИМ кыргыз жарандарын Тажикстанга барбай турууга чакырды

23.12.2022 09:49
499
ТИМ кыргыз жарандарын Тажикстанга барбай турууга чакырды

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кыргыз жарандарын Тажикстанга убактылуу барбай же бул өлкө аркылуу башка мамлекетке чыгуудан карманып турууга чакырды. Бул кыргызстандыктардын Тажикстандын аймагына киришин чектеген чараларга байланыштуу экенин аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.


ТИМ Тажикстанга кирүү жана чыгуу маселеси боюнча маалымат же кеңеш алуу үчүн Консулдук департаментине жана Кыргызстандын Душанбе шаарындагы элчилигине кайрылууну сунуштайт.

 

+996 999 312-002 - ТИМдин Консулдук департаменти (Бишкек шаары);

 

+992 887 782-223 - Тажикстандагы элчилик (Душанбе шаары).

 

Быйыл октябрда Кыргызстандын ТИМи кыргыз жарандарын Тажикстандын аймагына киргизбей койгон учурларга байланыштуу бул өлкөгө барбай турууга чакырган. Анда Кыргызстандын жарандарына карата Тажикстанга кирип-чыгуу тартиби өзгөргөнү тууралуу эл аралык келишимдерде бекитилген тартипте маалымат бериле электиги айтылган.

 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн