Жетинин айы 25, 2024
Убакыт: 06:05
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Таксилер жөнүндө мыйзам кабыл алуу сунушталды

02.09.2021 15:03
917
Таксилер жөнүндө мыйзам кабыл алуу сунушталды

Кыргызстанда такси жөнүндөгү мыйзам жок экенин ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Исраилов бүгүн, 2-сентябрда Бишкекте уюштурулган тегерек столдо айтты.


«Таксилер автобустар, кичи автобустар сыяктуу текшерүүгө алынбайт. Такси жөнүндөгү мыйзам жок. Биз «Яндекс», «Жорго» деп айтып жатабыз. Бирок алар болгону буюртманы кабыл алып, аны аткаруучуга жеткирет», - деди А.Исраилов.


Ал такси жөнүндөгү мыйзам зарыл деп эсептейт.


«Айдоочулар эртең менен дагы, кечинде дагы жумушка чыккан учур көп болгон. Биз мунун баарына тыюу салганбыз. Айдоочу эс алышы керек да.


Мунун баарын көзөмөлгө алуу үчүн бизге такси жөнүндөгү мыйзам керек», - деп кошумчалады.


Булак: "Баракелде"

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн