Аяк оона 30, 2024
Убакыт: 02:26
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Талант Мамытов Түркмөнстандын спикери Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушту

12.05.2022 17:11
750
Талант Мамытов Түркмөнстандын спикери Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушту

Бүгүн, 12-майда төрага Талант Мамытов баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегациясы Түркмөнстандын Ашхабад шаарында уюштурулган Борбор Азия мамлекеттеринин жана Россия Федерациясынын парламенттер аралык алгачкы форумунун ачылышына катышты. 


Иш-чараны Түркмөнстан Милли Генгешинин Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов ачып, аталган жолугушуунун маанилүүлүгүн белгиледи. 


Өз кезегинде Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов ушул жылдын 12-мартында Түркмөнстанда болгон Президенттик шайлоонун ийгиликтүү өткөндүгүнө байланыштуу куттуктап, боордош мамлекетке гүлдөп-өнүгүүнү каалады. 


Ошондой эле Кыргызстан Россия жана Борбор Азия мамлекеттери менен болгон кызматташтыкка өзгөчө басым жасаарын айткан Талант Мамытов: “Биздин тарыхый байланыштарыбыз терең. Андыктан ар тараптуу алаканы арттырып, стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүбүз кажет”, – деди.  


Эки жана көп тараптуу байланыштардан сырткары чөлкөмдөгү өлкөлөр Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө экенин эске салган төрага, айрымдары Россия менен ЕАЭБ, ЖККУ жана ШКУ алкагында кызматташып келе жатканын кошумчалады. 


“Борбордук Азия мамлекеттери менен Россиянын ортосундагы салттуу алака саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-транзиттик жана маданий-гуманитардык кызматташуунун кеңири тармактары боюнча жүргүзүлүүдө. Ал эми Кыргызстан чөлкөмдөгү калыптанган достук мамилеге ар дайым артыкчылык берет”, – деди. 


Муну менен катар мамлекеттер аралык алакаларда парламенттердин ролу жогору экенине токтолуп: “Бүгүнкү форум дагы өлкөлөр ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү үчүн олуттуу потенциалга ээ деп эсептейм”, – деди төрага. 


Эскерте кетсек, парламенттик делегациянын курамында Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Джамиля Исаева, депутаттар Миргүл Темирбаева, Алишер Козуев жана Максатбек Сарбагышев бар. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн