Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 18:26
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Талант Мамытов кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда курман болгон чек арачылардын жакындарына 100 миң сомдон акчалай жардам көрсөттү

01.06.2021 18:25
1029
Талант Мамытов кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда курман болгон чек арачылардын жакындарына 100 миң сомдон акчалай жардам көрсөттү


Бүгүн, 1-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Талант Мамытов кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда курман болгон Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын аскер кызматчылары Эсентур Кубанычбеков, Бекзат Юлдашев жана Нурсултан Манасбек уулунун жакын туугандарын кабыл алып, төраганын резервдик фондунан 100 миң сомдон акчалай жардам көрсөттү. Бул тууралуу Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.



Жолугушууда маркумдардын мекен алдындагы парзын аткарууда көрсөткөн каармандыктары жана эрдиктери эч качан унутулбай тургандыгын айткан Төрага Талант Мамытов: “Ушундай уулдарды тарбиялагандыгыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем жана алар түбөлүккө улут сыймыгы болуп кала берет”, – деди.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн