Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 17:40
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Талант Узакбаевдин абийири, намысы 300 миң сомбу?

05.08.2021 13:55
2935
Талант Узакбаевдин абийири, намысы 300 миң сомбу?


Талант Узакбаев Кумтөр боюнча ошол кездеги кесиптештери Жээнбеков, Зулпукаров, Пирматовго карата жалган жалаа болсо да берип, мамлекетке 300 миң сом айып пул төлөп, кара жанын сактап калды. 


Жалган жалаа дегенибиз  Узакбаев 2012-жылы парламентте бакыйган Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы, аттуу баштуу “Ар намыстын” депутаты, ошо кездеги президент Атамбаевдин ишенимине киргенине бактылуу болуп жүргөн депутаттардын бири эле. 

Жакында эле тараган Асылбек Жээнбековдун видео билдирүүсүндө айтылгандай, ооба, тергөө абагынада мындай ысыкта отуруу оңой эмес. Мээси кайнап, жүрөгү кысылып, эркиндик көздөн өтүп.... Узакбаев ушундай жолго барды. 


Бирок, “эр жигиттин өзү өлгөнчө сөзү өлсүн” деген илгертен сөз бар. А Узакбаев эргул 2012-жылы ошол Кумтөр маселеси каралган жыйындарда мына минтип бакылдаган: “Урматтуу депутаттар, биз үч комитет биригип, сиздердин берген тапшырманы аткардык. Менде стенограмма турат, өткөндө 92 депутаттан 91 добуш менен кайра карап, кайра иштеп чыгып, жыйынтыктап, алып келгиле деген чечим болгон. Биз комитеттер фракциялардын, айрым депутаттардын сунушун карап, токтомду даярдап келдик. Бул жерде силер чечим кабыл алып келипсиңер деген сөз туура эмес, биз чечим кабыл ала албайбыз. Чечимди мына азыр сиздер кабыл аласыздар”.


9 жыл мурун мына ушинтип, команданын кишиси катары ишенимдүү сүйлөгөн киши бүгүн өз кара жаны менен алек. Ушинтип чекесинен мээси кайнап, жалган жалаа, калп көрсөтмө берип чыга беришсе, Кумтөр иши боюнча акыйкаттыкка жетебизби?


“Курган кекиртек, далай жерге секиртет” дегендей, Салымбековдун күйөө баласы Талант Узакбаевдин байлыгы деле кайын журтунан аз эместир. Жыйнап тапкан байлыгын кыя албай, мурдагы кеисптештерине жалган жалаа менен көрсөтмө берип болсо да, кара жанын сактап калды. Өзү деле акталып кеткен жок, айыптуу деп табылды. Абийири мамлекет тарабынан 300 миң сомго бааланды. Ооба, эркиндикте жүргөнгө не жетсин. Бирок, ушундай эркиндиктин азабы канчалык болду экен, эл арасында кантип жүрөт?

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Айлин
Узакбаев позорник,кляузник ,на всю страну,один ты такой!