Чын курандын 20, 2025
Убакыт: 08:04
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Талапка жооп бербеген 18 автомектеп жабылды

10.05.2022 07:40
538
Талапка жооп бербеген 18 автомектеп жабылды

Өлкөдө талаптарга жооп бербеген айдоочуларды даярдоочу 18 мектеп жабылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.


Маалыматка ылайык, аталган мекеменин кызматкерлери тарабынан айдоочуларды даярдоочу 142 мектептин ишмердүүлүгү текшерилип, анын ичинен 111 мектепке эскертмелер берилди.


Текшерилген айдоочуларды даярдоочу мектептерден 13 эле автомектеп лицензиянын талаптарын жооп берет, ал эми 47 автомектептин жооптуу кызматкерлерине айыптар салынып, лицензиялык талапка жооп бербеген 18 автомектеп жабылды. Өлкө боюнча айдоочуларды даярдоочу 272 мектепке лицензия берилген жана учурунда жүргүзүлгөн текшерүүлөрдө толук кандуу чаралар көрүлгөн эмес.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн