Белгилүү тамашоучу, “Азия Mix” командасынын катышуучусу Ростислав Ященко ролик тартып, депутаттыкка талапкерлер шайлоочуларына чындыкты гана айтышса кандай болмоктугун белгилейт.
Тасмада ал келечектеги депутаттын образында шайлоочулардын
алдында сөз сүйлөп жатканы тартылат.
Анда ал үгүт кампаниясына кеткен миллиондогон акчалар үчүн кайгырбай эле коюусун, партия бийликке келип кайра анын эле ордун толтуруп алаарын айтат.
Ошондой эле партия эски схема менен иштеп, катарына дарыгерлер, мугалимдер, активисттер кошулганын, бирок кийин алар чыгарылып салаарын белгилейт.
Мындан тышкары талапкер саясатка келүүгө анын эч кандай ою жок, кызыкчу да эмес экенин, бирок аны талапкерлердин катарына атасы кошуп койгонун атат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн