Баш оона 29, 2024
Убакыт: 13:25
USD
85.00
85.50
EUR
94.10
95.10
RUB
0.915
0.960

Таласта 310 батирлүү ипотекалык үйлөрдүн курулушуна мезгил кутусу салынды

17.07.2024 17:07
932
Таласта 310 батирлүү ипотекалык үйлөрдүн курулушуна мезгил кутусу салынды


Бүгүн, 17-июлда Талас шаарында 310 батирлүү ипотекалык үйлөрдүн курулушуна мезгил кутусу салынды.

Аталган иш-чарага президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев, президенттин өкүлү Нурлан Дарданов, Жогорку Кеңештин депутаты Марат Мураталиев, Талас шаарынын мэри Эрмат Жумаев , Талас районунун акими, "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААК төрагасынын орун басары жана башкалар катышты.

Анда Каныбек Туманбаев ѳлкѳ башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргызстандын кѳптѳгѳн аймактарында мамлекеттик ипотекалык үйлѳр курулуп жатканын билдирди.

Ал эми облус жеткчиси Нурлан Дарданов "Тынчтык Ордо" турак жай комплексине автоунаа токтотуучу жайы менен 5 кабаттуу 10 турак үй курулаарын билдирди.

"Бул үчүн Талас облустук өнүктүрүү фондунан 250 млн сом, Талас райондук өнүктүрүү фондунан 148 млн сом, ал эми Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 50 млн сом, жалпы 448 млн сом акча каражаты бөлүндү. Ошондой эле турак жай комплексиндеги үйлөрдүн толук курулуп бүтүшү үчүн өнүктүрүү фонддорунан дагы акча каражаттары бөлүнүп турат, жаңы үйлөрдүн курулушу менен көптөгөн жарандардын турак жайга болгон муктаждыгы чечилет", - деген ишенимин айтты.

Белгилей кетсек, мезгил кутусу салынган үйлөр жарандарга мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу 25 жылга жеңилдетилген шартта 4-8%дык үстөк менен келишимдин негизинде берилет. Бул үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, ошондой эле жарандар мамлекеттик ипотекалык компаниянын сайтына кирип, электрондук түрдө катталуусу зарыл.

"Тынтчык Ордо" комплекси жалпы 2 га жер аянтын ээлеп, 5 кабаттан турган 10 турак үйлөрдө жалпы 310 батир болот. Батирлердин 80ни 1 бөлмөлүү, 160ы 2 бөлмөлүү, 70и 3 бөлмөлүү болмокчу. Ошондой эле унаа токтотуучу жайы 100 орунга ылайыкталган. Турак жай комплексинин курулуш иштерин “Кыргызстройсервис” мамлекеттик ишканасы жүргүзөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн